Орусиянын активдеринен түшкөн киреше июнь айында Киевге которулат

Бул тууралуу Financial Times гезитинин макаласында маалымат орун алды.

2114949
Орусиянын активдеринен түшкөн киреше июнь айында Киевге которулат

Еврокомиссия Орусиянын активдерин Украинага өткөрүп берүүнү тездете турган механизмди тез арада ишке киргизгиси келет. Бул механизм аркылуу Брюссель июнда Киевге Орусия Федеоациясынын Борбордук банкынын тоңдурулган активдеринин биринчи кирешесине туура келген 2-3 миллиард евро которо алат.

Financial Times гезитинин жазганына караганда, Еврокомиссия Брюсселдеги Euroclear инвестициялык фондундагы орус активдерин камакка алуу планын даярдап жатат. Бул активдердин суммасы 190 миллиард евронун тегерегинде. АКШ, Канада жана Япония сыяктуу өлкөлөр Орусиянын жалпысынан 280 миллиард активин тоңдурган болчу. Мүлктүн өзүн эмес, кызыкчылыгын (үстөк пайызын) гана камакка алуу максатын көздөйт.

Еврокомиссиянын долбооруна ылайык, Брюссель орус активдеринен түшкөн кирешенин 97 пайызын камакка алып, бул акчаны Евробиримдиктин бюджетине которо алат. Акчаны Украинага үч ай сайын же эки жылда бир бөлүп төлөөгө болот.

Евробиримдиктин бул маселеде шашып жатканынын себеби, АКШ Конгресси Киевге каржы бөлүүнү улантууда. Батыштын кошумча жардамысыз Украина контрчабуулга өтө албайт жана өлкөнүн чыгышындагы орусиялык чабуулдарга туруштук бере албайт. Февралда украин аскерлери Донецк облусундагы Авдеевка конушунан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-февралда Украинанын аскерлерин чыгарып кетүүсүнүн себебин Батыштын курал-жарактарын жеткирүүсү кечеңдеп жатканы менен түшүндүрдү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик тоңдурулган активдерин конфискацияласа, Москва жооп берүү принцибине ылайык ушундай кадамдарга барарын билдирди. Каржы министри Антон Силуанов 26-февралда Орусияда тоңдурулган европалык активдердин көлөмү Батышта тоңдурулган орус активдеринин көлөмүнөн кем эмес экенин билдирди, бирок ал так сумманы ачыктаган жок.



Тектеш кабарлар