Германия Газага абадан жардам операциясына катышат

Германиянын коргоо министри Борис Писториус жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2114830
Германия Газага абадан жардам операциясына катышат

Германиянын аба күчтөрү Иорданиянын Газага абадан жардам жеткирүү операциясына катышат.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аба күчтөрүнө Газага абадан жардам жеткирүү тапшырмасын бергенин айтты.

Газалыктардын эң негизги муктаждыктарынын жок экенин баса белгилеген Писториус: «Газалыктардын азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз болушу үчүн өз салымыбызды кошкубуз келет. Бул максатта Германиянын Куралдуу күчтөрү, ар бири 18 тоннага чейин жүк ташыган эки Hercules транспорттук учагын камсыз кылууда»,- деди.

Газага абадан жардам жеткирүү милдетинин Франциянын Эвре шаарында жайгашкан аба транспорт флоту тарабынан аткарыла турганы маалымдалды.

Абадан жардам операциясынын келерки жуманын аягында башталышы мүмкүн экени билдирилди.



Тектеш кабарлар