Грециянын Коммунисттик партиясы өлкөнүн аскердик операцияларга катышуусуна нааразычылык билдирди

Борбор шаар Афинадагы Синтагма аянтына чогулган митингчилер согушка каршы ураандар менен жүрүштү.

2114241
Грециянын Коммунисттик партиясы өлкөнүн аскердик операцияларга катышуусуна нааразычылык билдирди

Грециянын Коммунисттик партиясы (KKE) өлкөнүн НАТО жана Европа Биримдигинин аскердик операцияларына катышуусуна каршы нааразычылык акциясын уюштурду.

Борбор шаар Афинадагы Синтагма аянтына чогулган митингчилер согушка каршы ураандар менен жүрүштү.

Грециянын НАТО жана Европа Биримдигинин аскердик операцияларына катышуусуна каршы чыккан митингчилер грек аскерлеринин чек аранын тышындагы  операцияга жиберилбешин талап кылышты.

Премьер  - министр Кирякос Мицотакистин жетекчилигинде уюштурулган Улуттук Коопсуздук Өкмөтүнүн кеңешинин 26 -  февралдагы кезектеги жыйынында коргоо министри Никос Дендиастын сунушу менен Грециянын Кызыл деңизде кеме жүрүү эркиндигинин сакталышы максатында Европа Биримдигинин «Аспидес» миссиясына катышууга чечим чыгарылган.

Ушунун негизинде Греция деңиз күчтөрүнө таандык "HYDRA"  аттуу фрегат  Кызыл деңизге кирген. Солчул оппозициячыл партиялар болсо Грецияны коркунучтуу аймакка алып барат деген негиз менен бул чечимге каршылык көрсөткөн.



Тектеш кабарлар