Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 158 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2114430
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери элди ачка жана суусуз калтырып, жардамдын келишине тоскоол болуу менен гуманитардык апаатка алып келген Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 31 миң 184кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы катчысы Ашраф аль-Кудра, Израилдин Газа тилкесине 158 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Израиль күчтөрүнүн акыркы 24 саатта Газа тилкесинде дагы 72 палестиналыкты өлтүргөнүн белгилеген Кудра, Газада каза тапкандардын санынын 31 миң 184кө жеткенин кабарлады. 

Кудра Израиль күчтөрүнүн акыркы кол салууларында дагы 129 палестиналыкты жарадар кылганын, Газа тилкесинде жаракат алгандардын жалпы санынын 72 миң 889га жеткенин айтты.

Израиль армиясы тарабынан өлтүрүлгөн палестиналыктардын 72 пайызынын аялдар жана балдар экенин билдирген Кудра, ачкачылыктан жана суусуздуктан каза болгондордун санынын 27 экенине көңүл бурду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экенин, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар