Грецияда менчик университеттердин ачылышы

Грецияда  менчик университеттерди ачууга уруксат берген жаңы мыйзам долбоору парламентте жактырылды.

2113168
Грецияда менчик университеттердин  ачылышы

Грецияда  менчик университеттерди ачууга уруксат берген жаңы мыйзам долбоору парламентте жактырылды.

Өлкөдө менчик университеттердин  ачылышына уруксат бере турган мыйзам долбоору  9 жумадан бери жалпы өлкөдө долбоорго каршы уюштурулган митингдерге карабастан  300 орундуу парламентте  159 макул добуш менен кабыл алынды. 

Мыйзам долбооруна бийликтеги Жаңы демократия партиясынын  158 депутаты жана бир көз карандсыз депутат колдоду. 

Добуш берүүгө 299 депутат катышып, депутаттардын 129зу мыйзам долбоорун кабыл алган жок. 11 депутат болсо  калыс болду. 

Мыйзам долбооруна каршы борбор шаар Афинада уюштурулган митингде миңдеген киши долбоордун кайра алынышын талап кылган. 

Парламент имаратынын алдында полиция менен активисттердин ортосунда чыккан кагылышууда 8 адам жаракат алды.

Активисттер полицияга молотов коктейлин ыргытып,  полиция калемпир газы менен жооп кайтарган.

Буга чейин Грецияда жеке университеттерди ачууга уруксат берилген эмес.

Жогорку окуу жайларында “колледж” деген ат менен билим берген окуу жайлардын дипломдору өлкөдө таанылган эмес.

 



Тектеш кабарлар