Каспаров террористтердин тизмесине кошулду
Каспаровдун ысымы Орусия Федерациясынын Финансылык мониторинг кызматынын (Росфинмониторинг) сайтында террористтердин жана экстремисттердин тизмесине кошулган.
Орусия шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Гарри Каспаровду террористтердин жана экстремисттердин тизмесине киргизди.
Каспаровдун ысымы Орусия Федерациясынын Финансылык мониторинг кызматынын (Росфинмониторинг) сайтында террористтердин жана экстремисттердин тизмесине кошулган.
Атасы еврей, апасы армян болгон орус жараны Каспаров 1985-2000-жылдары шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгон. Шахматтык карьерасын 2005-жылы аяктаган Каспаров Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы саясий оппозициялык кыймылдарга катышкан.
Бир аз убакыттан кийин чет өлкөдө жашай баштаган Каспаров 2014-жылы Хорватия жарандыгын алган.
2022-жылы Орусия-Украина согушунун башталышы менен президент Путинди сындаган Каспаров «Украинага Орусияга каршы аскердик колдоо көрсөтүүгө жана орус экономикасынын кыйратылышына» чакырды.
Каспаров Орусиядагы «чет элдик агенттердин» тизмесине 2022-жылдын 20-майында кошулган.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.