НАТО өлкөлөрүнөн 1000ден ашуун орус дипломаты депортацияланган

Захарова Сочиде өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын алкагында жума сайын өткөргөн маалымат жыйынында Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кронун «акыркы айларда ондогон орус дипломаттарынын өлкөдөн чыгарылышына» байланыштуу билдирүүсүнө токтолду

2112031
НАТО өлкөлөрүнөн 1000ден ашуун орус дипломаты депортацияланган

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова акыркы жылдары НАТО өлкөлөрүнөн 1000ден ашуун орус дипломаты депортацияланганын айтты.

Захарова Сочиде өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын алкагында жума сайын өткөргөн маалымат жыйынында Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кронун «акыркы айларда ондогон орус дипломаттарынын өлкөдөн чыгарылышына» байланыштуу билдирүүсүнө токтолду.

НАТО өлкөлөрүнөн көп сандаган дипломаттын депортацияланганын белгилеген Захарова, Де Кронун билдирүүсүнүн «жөнөкөй» болгонун жана жүздөгөн орус дипломатынын чындыгында буга дуушар болгонун айтты.

Захарова:«Бул бир эле сумма эмес, алар жөнөтүшөт, биз жаңысын жөнөтөбүз, кайра жөнөтүшөт же виза бербей жатышат. Менин эсебимде 1000ден ашты»,-деп айтты.

Захарова Де Кро анын айыптоосу боюнча эмне жөнүндө айтып жатканын так билбегенин белгилеп: «Биздин дипломаттар жакшы иштеп жатат окшойт»,-деди.

Бельгиянын премьер-министри Де Кронун Украинага жардамдын каржысынын Орусиянын Бельгиядагы тоңдурулган активдери тарабынан камсыздалганы жөнүндөгү билдирүүсүнө байланыштуу Захарова буга да жооп бере тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар