Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан каза болгондордун саны 32ге жетти
Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда өлкө боюнча акыркы 3 күндөн бери жааган жамгырдан улам болгон апаат жана кырсыктарда 32 киши каза болду.
Пакистанда нөшөрлөгөн жамгырдан каза болгондордун саны 32ге, жаракат алгандардын саны 38ге жетти.
Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда өлкө боюнча акыркы 3 күндөн бери жааган жамгырдан улам болгон апаат жана кырсыктарда 32 киши каза болду.
Өлкөнүн Хайбер-Пахтунхва провинциясы менен Белужистан провинцияларында катуу жамгыр менен коштолгон кардан улам жер көчкү жүрүп, үйлөрдүн чатырлары менен дубалдары кулап, айрым жолдор кыймылга жабылып, электр жарыгы менен телефон мамылары талкаланды.
Жаандан улам болгон апаат менен кырсыктардан Хайбер-Пахтунхва провинциясында 27 адам каза болуп, 38 адам жаракат алды, Белужистан провинциясында 5 адам каза болду.
Белужистан провинциясынын премьер-министри Сарфраз Бугти маалымат жыйынында катуу жааган жамгырдын Гвадар шаарында 700дөй үйгө зыян келтиргенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.