Палестинаны колдоо дүйнөнүн төрт тарабында уланууда

Өткөн аптада бир америкалык аскер геноцидге каршылык көрсөтүп, борбор шаары Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өрттөгөн.

2110237
Палестинаны колдоо дүйнөнүн төрт тарабында уланууда
berlin filistin destek.jpg
abd filistin destek.jpg

Палестинаны колдоо дүйнөнүн төрт тарабынан уланууда.

Израилдин кол салууларына АКШнын көптөгөн штаттарында нааразылык билдирилди.

Өткөн аптада бир америкалык аскер геноцидге каршылык көрсөтүп, борбор шаары Вашингтондогу Израилдин элчилигинин алдында өзүн өрттөгөн.

Ушул жумада Вашингтондогу демонстрациялардын чордону ошол катуу нааразылык акциясы болгон жер болду.

Вашингтондогу демонстранттар АКШ администрациясынын Израилди колдогонуна реакция кылышты.

Кээ бир жөөт топтору да алдыңкы катарда болуу менен демонстрацияга колдоо көрсөтүштү.

АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында чогулган демонстранттар Израилдин 5 айдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесине колдоо көрсөтүштү.

Шаар мэриясынын алдына чогулган демонстранттар колдоруна транспаранттар жана Палестинанын желектери менен басып өтүштү.

Израилдин Газадагы кыргындарына Италияда да нааразылык айтылды.

Палестиналыктарды колдоо үчүн баш калаа Римде миңдеген демонстранттар көчөгө чыгышты.

Демонстрацияларда Газада болуп жаткандардын кабыл алынгыс экени, Палестина элинин өз жеринде ээн-эркин жашоого укугу бар экени, аймактын Израиль тарабынан оккупацияланганы белгиленди.

Германиянын борбору Берлинде демонстранттар Израилдин Палестина жерлерин оккупациялоосун токтотууну талап кылышып, Германиядан Израилге курал бербөөнү талап кылышты.

Дюссельдорф шаарында Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Израилдин Газадагы кыргынын айыпташты.

Германия өкмөтүнүн Газадагы кыргынга унчукпай калышына Германияда жашаган түрктөр да реакция көрсөтүштү.

Франциянын борбор шаары Парижде Газада ок атышууну токтотуу талабы менен демонстрация өттү.

Демонстрацияга Палестинанын желектери жана кол чатырлары менен келгендер Газада ок атышууну токтотууну талап кылышты.

Нидерландияда Израилдин элчилигинин алдында Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү жана Нидерландия парламентине карай жүрүш полиция тарабынан тосулду. Полициянын кийлигишүүсү учурунда мушташ чыкты.

Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы Канаданын борбору Оттавада да өттү.

Шаардын борборуна чогулган миңдеген киши Израилдин Газага кол салууларына нааразылык билдирип, кол салуулардын токтотулушун талап кылышты.

Ирландиялыктар да Палестинаны колдоп көчөгө чыгышты. Колдорунда Палестинанын желектери, баннерлер жана девиздер менен баш калаа Дублинде жүрүшкө чыккан демонстранттар ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырышты.

Мароккодо да жүздөгөн киши демонстрацияга чыгып, Израилдин чоң кыйроолорго алып келген жана ачарчылык саясатын жүргүзгөн Газа тилкесинде палестиналыктардын куткарылышын талап кылышты.



Тектеш кабарлар