Кытай Израилдин кол салуусу астындагы Газада ок атышууну дароо токтотууга чакырды

Кытайдын БУУнун Женевадагы кеңсесинин туруктуу өкүлү Чын Шү да БУУнун Адам укуктары кеңешинин 55-сессиясынын Израиль-Палестина маселеси каралган бөлүмүндө өлкөсүнүн атынан сөз сүйлөдү.

2109981
Кытай Израилдин кол салуусу астындагы Газада ок атышууну дароо токтотууга чакырды
el-menfi.jpg
ilhan omar.jpg
slovenya natasa pirc musar.JPG

Кытайдын БУУнун Женевадагы кеңсесинин туруктуу өкүлү Чын Шү да БУУнун Адам укуктары кеңешинин 55 - сессиясынын Израиль-Палестина маселеси каралган бөлүмүндө өлкөсүнүн атынан сөз сүйлөдү.

Туруктуу өкүл Чын сөзүндө Газада  гуманитардык кризистин болгонун белгилеп : «Чукул түрдө ок атышууну токтотуу эл аралык коомчулуктун талабы жана тынчтыкка жетишүүнүн негизги»,- деди.

Чын гуманитардык жардам уюмдарынын Газада иштерин жүргүзүшү үчүн мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Словениянын президенти Натаса Пирк Мусар да социалдык медиа Х платформасынан берген билдирүүсүндө Израилдин Газада гуманитардык жардам унааларынын айланасында тамак- аш күткөн жарандарга кол салуусун 1992 – 1995 – жылдагы Босния- Герцеговина согушунда Маркале базар жеринде болгон кыргынга окшоткондугун белгиледи. Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы Мухаммед аль - Менфи да эл аралык коомчулук менен Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Израилдин Газада жардам күткөн палестиналыктарга карата кол салуусуна байланыштуу тез арада иликтөө комиссиясын түзүүгө чакырды.

Америка Кошмо Штаттарынын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Илхан Омар АКШнын борбор шаары Вашингтондо Конгресс имаратынын алдында өткөргөн маалымат жыйынында Израилди Газага карата кол салууларын токтотууга чакырды.

29 - февралда Израиль армиясы Газа тилкесин түндүктөн түштүккө байланыштырган Рашид көчөсүндөгү Наблуси кесилишинде гуманитардык жардам күткөн палестиналыктарды бомбалаган жана кол салууда 115 палестиналык каза болуп, 760 киши жараланган.

 



Тектеш кабарлар