Макрон жана Шольцтун мамилеси Украинанын айынан барган сайын бузулуп баратат

Германиялык саясатчылар Макрондун Шольцтон айырмаланып Украинадагы абалды өзгөртүү үчүн аракет кылбай жатат деген пикирде.

2109147
Макрон  жана Шольцтун мамилеси Украинанын айынан барган сайын бузулуп баратат

 Франциянын президенти Эмануэль Макрон менен Германиянын премьер  - министри Олаф Шольцтун мамилеси Украинага колдоо берүү боюнча чыккан пикир келишпестиктен улам барган сайын саясий талаш – тартыштан ачык душмандыкка айланып баратат. «Politico» гезитинде жарыяланган макалада : «Украина ок  - дары боюнча кыйналып жатканда Германия менен Франциянын лидерлери аскердик жардам боюнча талашып  - тартышууда»,- деп айтылды.  

Гезиттин билдиргенине караганда германиялык саясатчылар Макрондун Шольцтон айырмаланып Украинадагы абалды өзгөртүү үчүн аракет кылбай жатат деген пикирде.

Өлкөлөрдүн Украинага колдоо көрсөткөн салымдарын иликтеген Киль институтунун маалыматына караганда, ушул күнгө чейин 640 миллион евро жардам берген Франция, 17,7 миллиард евролук жардам берген Германиядан бир топ артта калды.

Ушул себептен Шольц Франциянын президентин ар мүмүкнчүлүктө Украинага дагы көп ок  - дары жана курал берүү тууралуу кысмакка алууда.

Ошол эле учурда француз башкаруучулар да Украинага берген куралдын «баалуу» экендигин жана немис кесиптештерине караганда жардам тууралуу тартынышпай тургандарын айтышууда. Бул жерде айтылган нерсе Германиянын премьер  - министринин Украинага чабуул коючу ракеталарын берүүнү каалабашы.

26 -  февралда Парижде  болгон саммитте Макрон Германиянын Киевге курал берүү тууралуу чечкинсиздигинен улам Шольцту жемелеген. Берлин Украинага "Леопард" танктарын жиберүү туралуу көпкө ойлонгон бирок АКШ  М1 Абрамс танктарын жиберүү ниетин билдирери менен чечим чыгарган.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус буга чейин өлкөсүнүн Украинага аскер жиберүүсү күмөндүү экендигин айткан. Писториустун оюу боюнча : «Француз лидер Эммануэль Макрондун сунушун эч ким колдогон жок».



Тектеш кабарлар