Израилдин Ливандын түштүгүнө аба соккулары
Израилдин аба соккусунан 2 кишинин каза тапканы, 14 кишинин жараланганы белгиленди.
2108926
Израилдин Ливандын түштүгүнө аба соккуларынан эки киши каза болду.
Ливандын расмий маалымат агенттиги NNA, Израилдин өлкөнүн түштүгүндөгү Сыддыкин жана Кефра аймактарына 3 жолу кол салуу жасаганын кабарлады.
Израилдин аба соккусунан 2 кишинин каза тапканы, 14 кишинин жараланганы белгиленди.
Темага байланыштуу Израиль армиясынан азырынча расмий билдирүү келе элек.
Израиль армиясынын радиосунун кечээ эртең мененки кабарында, Ливандын түштүгүнөн Кирят Шмонага карай 2 жолу кол салуу болгону айтылган.