Германияда качкындардын милдеттүү түрдө иштеши сунуш кылынды

Германиянын Регионалдык Администрациялар Ассоциациясы өлкөдө ишке жарамдуу башпаанек издегендердин бардыгы милдеттүү түрдө иштеши керектигин билдирди.

2109245
Германияда качкындардын милдеттүү түрдө иштеши сунуш кылынды

Германиянын Регионалдык Администрациялар Ассоциациясы өлкөдө ишке жарамдуу качкындардын бардыгы милдеттүү түрдө иштеши керектигин билдирди.

Ассоциациянын төрагасы Реинхард Сагер жергиликтүү басма сөзгө берген билдирүүсүндө мамлекеттен келген каржылык колдоонун шартсыз болбошу керектигин жактады.

Сагер федералдык өкмөттү Качкындарга жардам көрсөтүү мыйзамын өзгөртүүгө чакырып : «Германияда көпкө жашагандардын баары иштегенге мажбур. Коомчулук күткөнү да бул  жана качкындар да муну каалайт.  Келечекте качкындардын  бир гана кайрымдуулук иштери менен эле чектелбестен  менчик фирмаларда да иштешине уруксат берилиши керек»,- деди.

Бир канча муниципалитеттин качкындардан кайрымдуулук иштеринде пайдалангандыгын белгилеген Сагер  качкындардын өзгөчө кадр жетишсиздиги болгон жерлерде, фирмаларда да жумушчу катары иштеши керектигине көңүл буруп: «Негизгиси коом үчүн кошумча нарк эмес, жиберген сигнал»,- деди.

Федералдык өкмөткө кайрылуусунда Сагер өлкөдөгү жумушка жарамдуу бардык качкындардын милдеттүү түрдө иштешин талап кылды.



Тектеш кабарлар