Тайвань алгачкы ата мекендик суу астындагы кемесин сынады

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, 7 сааттан ашык убакытка созулган сүзүү сыноосу Каосюнг шаарындагы портто жүргүзүлдү.

2108704
Тайвань алгачкы ата мекендик суу астындагы кемесин сынады

Тайвань өзү өндүргөн "Narwhal" (деңиз кериги) аттуу "коргонуу тибиндеги" суу астында жүрүүчү кемесинин суудагы сыноосун биринчи жолу ишке ашырганын жарыялады.

Тайвандын Эл аралык кеме куруу компаниясы, "Narwhalды" портто кабыл алуу сыноосунун акыркы этабына киргенин билдирди.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, 7 сааттан ашык убакытка созулган сүзүү сыноосу Каосюнг шаарындагы портто жүргүзүлдү.

Тайвандын лидери Цай Инг-вен былтыр Narwhalды расмий таанытуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, ата мекендик суу астындагы кеменин "деңиз флотунун ассиметриялык согуш жөндөмдүүлүгү үчүн өтө маанилүү экенин" баса белгилеп, Тайвандын "коргонуу автономиясына" салым кошоорун айткан.

Кытайдын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ву Циен да Тайвандын демилгесин сынга алып: «Тайвань бийлиги канчалык курал жасаса да, сатып алса да, улуттук интеграциянын жалпы тенденциясын, кытай армиясынын улуттук көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүн коргоо эркин жана жөндөмдүүлүгүн токтото албайт»,- деген.



Тектеш кабарлар