Венгриянын жаңы президенти
Венгрия парламенти Каталин Новактын кызматынан кетишинен кийин ордуна президентин шайлады.
Кызматынан кеткен Венгриянын президенти Каталин Новактын ордуна Тамас Сулёк келди.
Венгрия парламенти Каталин Новактын кызматынан кетишинен кийин ордуна президентин шайлады.
Парламенттеги добуш берүүдө Конституциялык соттун төрагасы Тамас Сулёк 146 депутаттын 134нүн добушу менен президент болуп шайланды.
Сулёктун 5 - мартта кызматын баштай тургандыгы күтүлүүдө.
Каталин Новак 10 - февралда президенттин мунапысы менен балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерди бошоткону ачыкка чыккандан кийин кызматынан кеткен.
Өлкөдө жекшемби күнү төрт оппозициячыл партия колдогон нааразычылык акциясында президенттик шайлоонун түздөн түз эл арабынан өткөрүлүшү талап кылынган.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.