Орусияда бензин экспортуна тыюу салынат

Кечээ басма сөздө айтыла баштаган тыюуну Орусиянын вице-премьер-министринин басма сөз катчысы Александр Новак да тастыктады.

2108155
Орусияда бензин экспортуна тыюу салынат

Орусия 1-марттан тарта бензин экспортуна 6 айга тыюу сала турганын жарыялады.

Тыюу салууга себеп катары керектөөчүлөр менен дыйкандардын талаптарынын жогорулашы жана мунай иштетүүчү заводдордогу күнүмдүк оңдоолор көрсөтүлүүдө.

Кечээ басма сөздө айтыла баштаган тыюуну Орусиянын вице-премьер-министринин басма сөз катчысы Александр Новак да тастыктады.

Новак премьер-министрге жөнөткөн катында: «Мунай өнүмдөрүнө болгон суроо-талапты тең салмактоо жана ички рынокто баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү керек»,- деп жазды.

Орусия ушундай эле тыюуну ички рыноктогу кымбатчылык жана продукциянын тартыштыгы көйгөйү менен күрөшүү үчүн былтыр сентябрь-ноябрь айларында да ишке ашырган.

Ал кезде Белоруссия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан үчүн гана өзгөчөлүктөр болгон.

Бул жолку тыюу Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдү, Монголия жана Өзбекстанды камтыбайт.

Жыл башынан бери орус биржасындагы бензин жана дизель майынын баасы 8-23% кымбаттады.



Тектеш кабарлар