Евробиримдиктин Орусияга каршы 13-санкция пакети
Жаңы санкция пакетине 106 адам жана 88 компанияны кошулду.
Евробиримдик Орусияга каршы 13-санкция пакетин бекитти.
Европа Биримдигинин дипломатия башчысы Жозеп Боррель темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Бүгүн биз Орусиянын аскерий жана коргонуу секторуна, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн жабдыктарды жеткирүүнү улантып жаткан компанияларга каршы чектөө чараларыбызды күчөттүк»,- деди
Евробиримдик жаңы санкция пакетине 106 адам жана 88 компанияны кошту. 13-пакетке Индия жана Кытай сыяктуу ар кайсы өлкөлөрдөн компаниялар да кирди. Кошумчалай кетсек, Евробиримдик Орусиянын коргоо өнөр жайын тетиктер менен камсыз кылган 27 компания жана мекемеге экспорт чектөөсүн киргизген.
Боррель: «Орусиянын согуш арабасын токтотууга, Украинанын өзүн-өзү коргоодо жеңишке жетишине жана көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүсүнө колдоо көрсөтүү боюнча жалпы чечкиндүүлүгүбүздү сактайбыз», - деди.