Улуташ: "KFOR Косовонун жана аймактын коопсуздугун камсыздоодо чечкиндүү"

Улуташ Европа Биримдигинин (ЕБ) Косоводогу элчиси Томаш Сзунёг, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Приштинадагы элчилери жана EULEX миссиясынын башчысы генерал-майор Жованни Пиетро Барбано менен жолугушту.

2106189
Улуташ: "KFOR Косовонун жана аймактын коопсуздугун камсыздоодо чечкиндүү"

НАТОнун Косоводогу миссиясынын (KFOR) командири генерал-майор Өзкан Улуташ KFORдун, Косовонун жалпысында туруктуу коопсуздук жана аймактык стабилдүүлүк үчүн Эл аралык коомчулуктун бардык аракеттерин колдоого чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Улуташ Европа Биримдигинин (ЕБ) Косоводогу элчиси Томаш Сзунёг, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин Приштинадагы элчилери жана EULEX миссиясынын башчысы генерал-майор Жованни Пиетро Барбано менен жолугушту.

Генерал-майор Улуташ KFORдун БУУнун карамагындагы иш-аракеттеринен тышкары, Косово полициясы жана EULEX менен кызматташуу, Белград менен Приштинанын ортосундагы Европа Биримдиги көмөктөшкөн диалогго колдоо көрсөтүү максатында коопсуздук аракеттерин улантуу сыяктуу көптөгөн темаларда пикир алмашты.

KFORдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Генерал-майор Улуташ, KFORдун эл аралык коомчулуктун бардык аракеттерине колдоо көрсөтүү чечкиндүүлүгүн баса белгиледи»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Косоводогу коопсуздуктун жана аймактык стабилдүүлүктүн узак мөөнөттүү пайдасын камсыз кылуу максатында KFORдун Косоводо жашаган бардык коомчулуктар үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу милдетин аткарып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар