Газада каза болгондордун саны көбөйүүдө
Израилдин Газа тилкесиндеги ырайымсыз кол салуулары 139 күндөн бери үзгүлтүксүз уланууда.
Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында каза болгондордун саны 29 миң 410го, жаралуулардын саны 69 миң 465ке жетти.
Израилдин Газа тилкесиндеги ырайымсыз кол салуулары 139 күндөн бери үзгүлтүксүз уланууда.
Аймактын ар бир жерин бутага алган жана көбү аялдар жана балдар болгон миңдеген жаранды өлтүргөн Израиль күчтөрү реакцияларга көңүл бурбастан адамзатка каршы кылмыштарын улантып жатат.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, 24 саатта 97 палестиналыктын каза болгондугу, 132 палестиналыктын жараланганы баса белгиленип, 7-октябрдан бери уланган кол салууларда каза болгондордун саны 29 миң 410го, жаралуулардын саны 69 миң 465ке жеткени кабарланды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.