Абада бомба коркунучу

Бомба коркунучу негизсиз болуп чыккандан кийин учак Чикагодон кайрадан Лос-Анжелес эл аралык аэропортуна багыт алды.

2105740
Абада бомба коркунучу

АКШнын Нью-Жерси штатынан учуп бараткан жүргүнчү учагында, ажатканасынан табылган коркутуу жазуусунан улам дүрбөлөң жаралды.

Ньюарк Либерти эл аралык аэропортунан Лос-Анжелеске учуп бараткан United Airline компаниясынын учагында бомба коркунучу болду.

Полиция кызматынын маалыматына караганда, абага көтөрүлгөндөн 2 саат өткөндөн кийин учактын дааратканасынан «учак жарылат» деген жазуу табылды.

Андан соң 202 жүргүнчүсү бар учак чукул конуу үчүн Чикагонун О'Харе аэропортуна багытталды.

Коопсуздук күчтөрү жүргүнчүлөрдү эвакуациялап полиция иттери менен учакты бир нече саат бою тинтүүгө алышты, бирок кооптуу абал табылган жок.

Бомба коркунучу негизсиз болуп чыккандан кийин учак Чикагодон кайрадан Лос-Анжелес эл аралык аэропортуна багыт алды.



Тектеш кабарлар