Отчет : "Орус ракетасында батыштыктарга таандык бөлүктөр бар"
Өткөн айда Россиянын Украинага каршы колдонгон, Түндүк Кореяда өндүрүлгөн баллистикалык ракетадан Америка жана европалык фирмаларга таандык бөлүктөрдүн табылгандыгы айылды.
Өткөн айда Россиянын Украинага каршы колдонгон, Түндүк Кореяда өндүрүлгөн баллистикалык ракетадан Америка жана европалык фирмаларга таандык бөлүктөрдүн табылгандыгы айылды.
Американын медиа мекемеси СННдин кабарына караганда Кагылышуу жана Куралдануу Изилдөөлөрү Уюму (CAR) Россия тарабынан Украинанын Харьков шаарына атылган Түндүк Кореяда өндүрүлгөн баллистикалык ракетанын 290 бөлүгүн изилдеди.
CARдын отчетунда бул баллистикалык ракетанын бөлүктөрүнүн 75 пайызы баш кеңсеси АКШда жайгашкан компаниялар жана ага тиешелүү компаниялар тарабынан иштелип жана сатылгандыгы, 16 пайызынын европалык компанияларга жана 9 пайызынын Азиядагы компанияларга тиешелүү экендиги ортого салынды.
АКШда президент Жо Байден администрациясы 2022 - жылы Иран сыяктуу өлкөлөрдүн батыш өндүрүшүнүн технологияларына кирүүсүнө жол бербөө үчүн айрым экспорттук чектөөлөрдү жана айрым санкцияларды жарыялады.
CAR өткөн жылы бөлүшкөн отчетунда Россиянын Украинага каршы колдонгон, Иранда жасалган кол салуу учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрүнүн 82 пайызынын АКШ фирмалары тарабынан чыгарылганы айтылган.