Газада каза болгондордун саны
Израилдин 138 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израилдин, калкты ачка жана суусуз калтырган Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны акыркы 24 саатта 118ге көбөйүп 29 миң 313кө жетти.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин 138 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Акыркы кол салууларда 118 кишинин көз жумганы жана аймактагы каза болгондордун санынын 29 миң 313кө жеткени кабарланган билдирүүдө, Израиль күчтөрүнүн дагы 163 палестиналыкты жарадар кылганы, жалпы жаралуулардын санынын 69 миң 333кө жеткени белгиленди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы айтылды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.