Газада каза болгондордун саны
Израилдин акыркы 24 сааттагы кол салууларында 107 палестиналыктын каза болгондугу, 145инин да жараланганы белгиленди.
2104313
Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 29 миңден ашуун палестиналык набыт болду.
Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта, Израилдин акыркы 24 сааттагы кол салууларында 107 палестиналыктын каза болгондугу, 145инин да жараланганы белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин кол салууларында каза болгондордун санынын 29 миң 92ге, жаралуулардын санынын болсо 69 миң 28ге жеткени кабарланды.
Ал арада Израиль армиясы оккупациядагы Батыш Шериа жана Кудста түнкү рейд учурунда 25 палестиналыкты камакка алды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.