Филиппиндеги жер көчкүдөн каза болгондордун саны
Билдирүүдө жер көчкүдөн жабыркаган аймактарда каза болгондордун санынын 92ге жеткени, 36 кишинин болсо дайынсыз жоголгондугу кабарланды.
Филиппиндин түштүгүндө 6-февралдагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 92ге жетти.
Давао де Оро аймактык башкаруучулугунун Фейсбук баракчасынан, өлкөнүн түштүгүндөгү Масара айылында жүргөн жер көчкүгө байланыштуу билдирүү жасалды.
Билдирүүдө жер көчкүдөн жабыркаган аймактарда каза болгондордун санынын 92ге жеткени, 36 кишинин болсо дайынсыз жоголгондугу кабарланды.
Давао-де-Оро провинциясынын жетекчилеринин бири Эдвард Макапили, апааттын “аймакта акыркы 10 жылдагы эң олуттуу жер көчкү” экенин баса белгиледи.
Макапили жер көчкүдөн улам кээ бир конуштарды каптаган топурак жана урандылардын бийиктигинин 50 метрге жеткенин айтты.
Апаат болгон аймактан 1100дөн ашуун үй-бүлөнүн эвакуацияланганы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.