Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

Эки президент Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү талкуулап жатканда Байден, бардык туткундардын мүмкүн болушунча тезирээк бошотулушу үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

2103135
Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, эки президент Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү талкуулап жатканда Байден, бардык туткундардын мүмкүн болушунча тезирээк бошотулушу үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Сүйлөшүүдө Жо Байден Израилдин, Рафах шаарына карапайым калктын коопсуздугун камсыз кылууга карата ишенимдүү жана ишке ашыра турчу планы болбостон кол салбашы керектигин баса белгиледи.

Газага кол салуунда жана басып алуусунда он миңдеген палестиналыкты өлтүргөн Израиль, аймактын түндүк жана борбордук аймактарындагы калктын көбүн Египет чек арасындагы Рафах шаарына топтоштурууга мажбурлады.

Израиль бул кол салуулар учурунда түндүктөгүлөр үчүн «коопсуз» деп жарыялаган түштүк аймагына кургактыктан басып кирип, ал жерден элди күч менен чыгарууну каалайт.

Рафахтан 1 миллион 400 миңге жакын жарандын чыга албай калганы болжолдонууда.

Эл аралык коомчулук Израилди Рафахка кеңири кол салуунун жаңы жана чоң трагедияга алып келерин эскертүүдө.

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында 40 миңге жакын палестиналык набыт болду.



Тектеш кабарлар