АКШ Сомалиде 5 база курат

Сомалинин Коргоо министрлиги менен АКШнын Могадишо элчилигинин арасында меморандумга кол коюлду.

2103369
АКШ Сомалиде  5 база курат

 АКШ Сомалиде террордук уюм Еш  - Шабаб менен күрөшүү үчүн  5 аскердик база курат.

Сомалинин Коргоо министрлиги менен АКШнын Могадишо элчилигинин арасында меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземинде Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд жана Африка иштери боюнча жооптуу АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Молли Фи менен эки тараптан  жогорку мартабалуу жетекчилер катышты.

Меморандумдун негизинде АКШ  Еш  -  Шабаб менен күрөшүүнүн негизинде Сомалиге  5 аскердик база курат.

Базаларда АКШ аскерлерин жайгаштыруу менен Сомали аскерлерине карата аскердик машыгуу да жүргүзүлөт. 

АКШнын база куруу чечиминин Африка Биримдигинин өткөөл миссиясынын Сомалиден чыгуу планынан кийин келиши көңүлдөрдү бурду.

Еш  -  Шабаб  2007 -  жылдан бери Сомали өкмөтү жана Африка Биримдиги күчтөрүнө каршы кол салууларды ишке ашырууда, шаар жана элеттерде тез  -  тез террордук кол салууларды жасоодо.

Президент Махмуд кызматка келген  2022 -  жылдан тарта Еш  - Шебабга каршы күрөштү ылдамдаткан.

АКШ Могадишо өкмөтүнүн уюм менен күрөшүнө колдоо көрсөтүү үчүн аскердик машыгуу менен бирге армияга абадан колдоо көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар