Америка Кошмо Штаттары Айга жаңы космостук кемесин учурду
"Одиссей" космостук кемеси косомстук транспорт компаниясы SpaceX чыгарган Фалкон - ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан учурулду.
Америка Кошмо Штаттары Айга жаңы космостук кемесин учурду.
"Одиссей" космостук кемеси косомстук транспорт компаниясы SpaceX чыгарган Фалкон - ракетасы менен АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космостук борборунан учурулду.
Космостук кеменин конуудан 24 саат мурда Айдын орюитасына кириши, 22 - февралда да Айдын түштүк уюлуна жакын жерге конушу күтүлүүдө.
"Одиссей" ийгиликтүү коно турган болсо 1972 - жылдагы "Аполлон 17" миссиясынан бери Айдын бетине жумшак конгон биринчи америкалык космос кемеси болот.
Космостук кеме Айга маанилүү жүк ташууда.
Транспортто астронавттарды жөнөтүүдөн мурун Айдын айлана-чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды чогултуу үчүн иштелип чыккан АКШнын Улуттук авиация жана космос башкармалыгына (НАСА) таандык алты түрдүү жүк бар.