АКШ Сириядагы базаларына кошумча күч жиберди

АКШ армиясы Сириянын чыгышындагы Дейризор менен Хасеке облустарында Иран колдогон топтор менен чыңалуу болгон аскердик базалары жайгашкан аймактарга кошумча күч жиберди.

2102429
АКШ Сириядагы базаларына кошумча күч жиберди

АКШ армиясы Сириянын чыгышындагы Дейризор менен Хасеке облустарында Иран колдогон топтор менен чыңалуу болгон аскердик базалары жайгашкан аймактарга кошумча күч жиберди.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, кечээ кечинде АКШ күчтөрүнө таандык  кербен Ирак менен Сириянын ортосундагы Эль-Валид чек ара капкасынан Хасекеге кирди.

Америкалык аскерлерди ташыган Брэдли 20 үлгүсүндөгү  броне унаадан турган конвой алгач Хасеке провинциясынын Румейлан шаарындагы аскердик базага барды.

Конвойдун бир бөлүгү да бул жерден  2023 -  жылдын  7 -  октябрынан бери Иран колдогон террордук топтор менен чыңалуу болгон Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги Өмер мунай аянтындагы базага жиберилди.

АКШ армиясы буга чейин 5 – 6 - январда жана 23 - январда Хасекедеги Хараб-Чир жана Касректеги базаларына жана Дейризордогу Өмер мунай кенине аскердик жүктөрдү жөнөткөн.

АКШ 2019 -  жылы октябрь айында түрк куралдуу күчтөрүнүн Тынчтык булагы операциясынын башталышы менен операция аймагындагы базаларын бошотуп,мунай аянттарына жакын жерлерге жайгашууга алдыңкылык берген.

Террордук уюм ПКК/ЙПГга колдоосун уланткан АКШ күчтөрү учурда Сирияда Хасеке, Ракка жана Дейризор облустарында  уюм  басып алган аймактарда көп сандаган база жана  аскердик пункттарда турушат.

Вашингтон ПКК/ЙПГ террористтери басып алган мунай аянттарындагы аскердик база жана пункттарына да тынымсыз кошумча күч жиберүүдө.



Тектеш кабарлар