Израиль Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду

Хизбулланын Израилдин түндүгүнө күндүзгү кол салуусунда Кирят Шмона шаарына тийген ракеталардын 2 израилдиктин жаракат алышына себеп болушунан кийин Израиль армиясы чабуул жасады.

2101914
Израиль Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду

Израиль армиясы, Ливандын түштүгүндөгү көптөгөн Хизбулла “буттарына” абадан сокку урганын жарыялады.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө, Израиль учактарынын Ливандын түштүгүндө Хизбулла мүчөлөрү жайгашкан аскердик комплекстер жана байкоо пункттары да арасында болгон 7 башка аймакка кол салганы белгиленди. Билдирүүдө, Ливандын түштүгүндөгү көптөгөн пункттардын замбиректер менен да аткыланганы кабарланды.  

Хизбулланын Израилдин түндүгүнө күндүзгү кол салуусунда Кирят Шмона шаарына тийген ракеталардын 2 израилдиктин жаракат алышына себеп болушунан кийин Израиль армиясы чабуул жасады.

Хизбулла Кирят Шмона шаарындагы полиция бекети жана Хунин чеби аймагындагы израилдик аскерлердин чогулуу пунктунун куралдар менен бутага алынганын жана атуулардын ийгиликтүү болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар