Испания менен Ирландиядан ЕБге кат

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге кат жөнөтүштү.

2102428
Испания менен Ирландиядан ЕБге кат

Испания жана Ирландия Европа Биримдигинен (ЕБ) Израиль менен соода байланыштарын карап чыгууну өтүндү.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар Евробиримдик комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге кат жөнөтүштү.

Санчес менен Варадкар катта Газадагы гуманитардык кырдаалдын начарлашына "терең тынчсыздангандыктарын" билдиришти.

Эки тарап Евробиримдик менен Израилдин өнөктөштүк келишиминде каралган адам укуктары жана демократиялык принциптерге байланыштуу милдеттенмелердин Израиль тарабынан бузулгандыгы аныктал учурда ЕБ «тиешелүү чараларды көрүшү» керектигин баса белгилешти.

Израилдин Газага кол салууларында 28 миңден ашуун палестиналыктын каза болгонун, 68 миңден ашууну жаракат алганын жана 1,9 миллион кишинин жер которгондугун эске салган лидерлер, үйлөр толугу менен кыйрап, ооруканалар менен бирге жашоо үчүн маанилүү жарандык инфраструктуранын чоң зыянга учураганын белгилешти.

Евробиримдик комиссиясынын өкүлү Ариана Подеста Санчес менен Варадкардын катынын аларга жеткенин жана ага баа берилерин айтты.

2000-жылы июнь айында күчүнө кирген Евробиримдик-Израиль өнөктөштүк келишими Израилге ЕБ рыногунда көптөгөн артыкчылыктарды берет.

ЕБ менен Израилдин ортосундагы соода көлөмү 2022-жылы 46,8 миллиард еврого жетип, ЕБ Израилдин эң чоң соода өнөктөшү болуп калды.

Испан жана ирландиялык лидерлер сөз кылган келишимдин экинчи беренеси Израилден адам укуктарын жана демократиялык принциптерди урматтоону талап кылат.



Тектеш кабарлар