Иран жаратылыш газ куурунда жарылуу болду

Иранда жаратылыш газды бөлүштүрүүчү магистралдык куурда катуу жарылуунун болгону жана бул окуянын террордук диверсия экендиги маалымдалды.

2102395
Иран жаратылыш газ куурунда жарылуу болду

Иранда жаратылыш газды бөлүштүрүүчү магистралдык куурда катуу жарылуунун болгону жана бул окуянын террордук диверсия экендиги маалымдалды.

Чахармахал - Бахтияри провинциясынын Буружин районундагы жаратылыш газын бөлүштүрүүчү магистралдык түтүктө катуу жарылуу болду.

Буружин районунун акими Феттах Кереми мамлекеттик телеканалга берген маалыматында Хелвай аймагындагы жаратылыш газынын негизги бөлүштүрүүчү линиясында өрт жана жарылуу болгонун, Буружин  -Лордиган - Хузистан куурунун клапандарынын жабылганын белгиледи.

Аймакка издөө - куткаруу топторунун жиберилгенин белгилеген ирандык жетекчи түтүктө калган газ түгөнгөнгө чейин өрттүн улана турганын билдирди.

Бир тараптан Буружин өрт өчүрүү кызматынын башчысы Исмаил Яздани Хелваи жана Булдажи автожолуна жакын аймакта болгон жарылууда каза болгондор жана жаралангандар тууралуу ушул убакка чейин эч кандай маалымат албагандарын айтты.

Иран улуттук газ компаниясынын газ бөлүштүрүү боюнча менеджери Саид Акли жарылууну террордук диверсия деп билдирди.

Акли жарылуудан улам жалпы өлкөдөгү газ бөлүштүрүү түйүнүндө туруксуздуктун болбогондугун баса белгилеп, бир гана Исфахан провинциясында линияга жакын кээ бир айылдарда басымдын төмөндөшү жана газ үзгүлтүгү болгондугун жана бул үзгүлтүктү  калыбына келтирүү аракеттеринин уланып жатканын айтты.

Азырынча кол салуунун жоопкерчилигин эч ким моюнга ала элек.

 



Тектеш кабарлар