Йоланда Диас Палестинага барат

Палестиналык кесиптешинен болжол менен 15 күн мурда чакыруу алганын белгилеген Диас Палестинага сапарынын датасын айткан жок.

2102430
Йоланда Диас Палестинага барат

Испаниянын вице-премьер-министри жана эмгек министри Йоланда Диас Палестинага бара турганын билдирди.

Испаниянын расмий кабар агенттиги EFEге берген маалыматында Диас, Палестинанын эмгек министри Насри Абу Жаиштин чакыруусун кабыл алганын жана эки тараптуу карым – катнаштарга байланыштуу келишимге кол коюу үчүн жакын арада өлкөгө бара турганын айтты.

Палестиналык кесиптешинен болжол менен 15 күн мурда чакыруу алганын белгилеген Диас Палестинага сапарынын датасын айткан жок. Тышкы иштер министрлигинин булактары да учурда эч кандай даярдыктардын жок экенин билдирди.

Диас жетектеген, 20га жакын солчул жана коммунисттик партиялардан турган Сумар альянсы Израилдин Газага чабуулдарын “геноцид же кыргын” деп атап, палестиналыктарды жактаган жүрүштөрдү колдоодо.

Премьер-министр Педро Санчестин былтыр ноябрда Израиль жана Палестинага болгон сапарында Израилди сынга алган комментарийлеринен кийин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык кризис болгон.

Израиль кеңешүү үчүн борборго чакырган Мадриддеги элчиси Родика Радиан Гордон январь айынын башында Испаниянын борбор шаары Мадридге кайтып барган.



Тектеш кабарлар