Японияда болгон жер титирөдө каза болгондордун саны 241ге жетти

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына ылайык, 1-5-январь күндөрү  Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен көптөгөн жер титирөө болгон.

2102125
Японияда болгон жер титирөдө каза болгондордун саны  241ге жетти

Япониянын батышындагы Исикава префектурасында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 241ге жетти.

Ишикава префектурасынын губернаторлугунан берилген маалыматта, январь айынын биринчи жумасында болгон бир нече жер титирөөдө каза болгондордун саны 241ге жеткени билдирилди.

Маалыматта 13 миңден ашуун адамдын эвакуациялоо пункттарында калганы, кабар алына албаган  11 кишини издөө иштеринин уланып жаткандыгы белгиленди.

Маалым болгондой, штат боюнча жарым-жартылай бузулган жана толугу менен кыйраган имараттардын саны 65 миңге жеткени, 31 миңден ашык үйдө суу, 1500дөн ашуун үйдө электр энергиясы үзгүлтүгүнүн болгону айтылды.

Борбордук өкмөт кайрадан куруу долбоорунун негизинде жашы белгилүү бир деңгээлге жеткен имараттар үчүн ар бир үйгө 6 миллион иен (41 миң доллар) колдоо көрсөтөөрүн жарыялады.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына ылайык, 1-5-январь күндөрү  Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен көптөгөн жер титирөө болгон.



Тектеш кабарлар