Лавров: "АКШ Жакынкы Чыгышты апаатка сүйрөп жатат"

Лавров борбор шаар Москвада Валдай эл аралык талкуу клубу уюштурган «8-Жакынкы Чыгыш конференциясында» сөз сүйлөдү.

2101786
Лавров: "АКШ Жакынкы Чыгышты апаатка сүйрөп жатат"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Жакынкы Чыгышты апаатка сүйрөп жатканын айтты.

Лавров борбор шаар Москвада, Валдай эл аралык талкуу клубу уюштурган «8-Жакынкы Чыгыш конференциясында» сөз сүйлөдү.

Газа тилкесиндеги абалга да токтолгон Лавров, ушул убакка чейин кол салууларда 30 миңге жакын палестиналыктын каза болгонун белгилеп: «Бул сан өсүп жатат. Рафах шаарына кол салуулардын натыйжасында 100гө жакын жайкын тургун набыт болуп, 200дөн ашуун жай тургун жараат алды»,-деди.

Лавров «Израиль башкаруучулугунун Газада Рафах шаарына чейин күч колдонуу жөнүндө келишпес мамилени көрсөтүп жатканын» айтып: «Муну эске алганда, Газадагы абалдын ылдам турукташуусуна карай эч кандай тенденция көрбөй элебиз»,-деп сереп салды.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров, келечекте палестиналыктардын катышуусу жана араб мамлекеттеринин колдоосу менен Палестина маселесинин чечилиши үчүн жыйын өткөрүүнү пландагандарын билдирди.

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча саясатына көңүлдөрдү бурган Лавров: «Болуп жаткан трагедиядан чыгуунун жолу болушу керек. Америкалык кесиптештер Палестинаны да, Израилди да, Жакынкы Чыгышты да балээге сүйрөп жатышат»,-деди.

Лавров АКШ менен Британиянын Палестина маселесинин чечилишине карата кээ бир сунуштарын айтканына басым жасап: «Булар Палестина мамлекетинин түзүлүшүнө карата эмес, Израиль башкаруусу үчүн ылайыктуу боло тургандай түрдө Газанын көзөмөлгө алынышын камтыйт»,- деп айтты.

Министр Лавров АКШ менен союздаштарынын Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылууга жана Орусияны бул аймакка тиешелүү механизмдерден четтетүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Лавров: «Палестина маселесинин ондогон жылдар бою чечилбеши, өнөкөткө айланышы, БУУнун токтомунун алкагында Палестина мамлекетинин түзүлбөшү Жакынкы Чыгышта ыраатсыздык жана зомбулуктун негизги себеби болот»,-деди.



Тектеш кабарлар