Кремль : "Орус активдерин конфискациялоо дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет"

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

2101834
Кремль : "Орус активдерин конфискациялоо дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет"

Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков батыш өлкөлөрүнүн тоңдурулган орус активдерин конфискациялоо аракеттерине каршылык көрсөттү.

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

Дмитрий Песков батыштык өлкөлөрдүн тоңдурулган орус активдерин конфискациялоого карата кадам таштоону пландашын сынга алып : «Башкалардын активдерин конфискациялоого карата чечимдердин глобалдык экономикага олуттуу таасир таасир тийгизерин көп жолук айттык. Мыйзамга, экономикалык өнүгүүгө жана инвестиция чөйрөсүнө  олуттуу таасири болот»,- деди.

Европа Биримдиги өлкөлөрү Украина менен  2 жылдан бери келе жаткан согуштан улам Россиянын Борбордук банкынын 200 миллиардга жакын евросун тоңдурган.

Орус активдерин кармап турган каржы институттары булардын убактысы келгенде   кайра инвестициялоо менен олуттуу киреше табышат.

Биримдиктин жетекчилери көптөгөн айлардан бери тоңдурулган активдер жана бул активдерден алынган кирешени ээсинин макулдугусуз пайдаланууну талкуулашууда.

Европа Биримдиги негизги акчаны эмес, андан түшкөн кирешени максат кылууну каалап жатат.



Тектеш кабарлар