Иран Кешм аралын кургактык менен байланыштыра турган көпүрө тууралуу кытайлыктар менен келишти

Эркин соода аймагы болгон аралды кургактык менен байланыштыра турган көпүрөнүн бүтүшү менен экономикага жана туризмге салым кошуу максат кылынууда.

2101812
Иран Кешм аралын кургактык менен байланыштыра турган көпүрө тууралуу кытайлыктар менен келишти

Иран Перс булуңундагы Кешм аралын кургактык менен байланыштыра турган көпүрөнү куруу боюнча кытайлыктар менен келишим түздү.

Ирандын Студенттер кабар агенттигинин (ILNA) маалыматына ылайык, Ирандын Эркин аймактарынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ходжат Абдулмеки, Кешм аралын кургактык менен байланыштыра турган 3 жарым километрлик көпүрөнүн курулушу үчүн кытайлыктар менен макулдашкандарын айтты.

«Перс булуңу көпүрөсү» деп аталган көпүрөнүн курулушу тууралуу маалымат берген Абдулмеки : "Кытайлык подрядчы компаниялар менен сүйлөшүүлөр болду. 3 жылда бүткөрүлүшү пландалган Перс булуңундагы көпүрө Иран менен Кытайдын биргелешкен капиталы менен курулат",- деди.

Болжол менен 700 миллион доллар инвестициялык чыгым менен курула турган көпүрөнүн 18 пайызынын бүткөрүлгөнүн белгилеген Абдулмеки, Төңкөрүш Гвардиясы армиясына караштуу  Хатемул Энбия курулуш штабынын көпүрө долбооруна өнөктөш тараптардын бири экенин айтты.

Эркин соода аймагы болгон аралды кургактык менен байланыштыра турган көпүрөнүн бүтүшү менен экономикага жана туризмге салым кошуу максат кылынууда.

Перс булуңу менен Ормуз кысыгынын кесилишинде жайгашкан Кешм аралын кургактык менен байланыштыра  турган, узундугу 3,5 километр, туурасы 32 метр болушу пландалган Перс булуңундагы көпүрөнүн курулушу биринчи жолу мурдагы президент Махмуд Ахмадинежаддын тушунда 2011-жылы башталган.

 



Тектеш кабарлар