Израиль армиясы Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү

Израилдин Газада 7-октябрдан бери өлтүргөн журналисттердин санынын 126га жеткени белгиленди.

2101263
Израиль армиясы Газада дагы 2 журналистти өлтүрдү

Израиль армиясы Газа тилкесине кол салууларында дагы 2 журналистти өлтүрдү.

Газадагы өкмөттүн медиа кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль армиясынын Газа тилкесинин Рефах жана Жебалия шаарларына кол салууларында журналисттер Эла Хасан аль-Химс менен Энхам Ахмед Адвандын каза болгондугу белгиленди.

Израилдин Газада 7-октябрдан бери өлтүргөн журналисттердин санынын 126га жеткени кабарланды.

Медиа кеңсесинин мурунку билдирүүсүндө, Израилдин Газада журналисттерди «Палестинанын үнүн басуу, фактыларды жашыруу, кабар менен маалыматтардын аймактык жана эл аралык коомчулукка жеткирилишине тоскоол болуу үчүн атайылап өлтүргөндүгү» айтылган.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында кеминде 12 миңи бала, 8 миң 190у аял 28 миң 340 палестиналык каза болуп, 67 миң 984 палестиналык жараланды.



Тектеш кабарлар