Түрк дарыгерлеринен Газага колдоо...

Фатихте чогулган дарыгерлер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана студенттер Султанахмет аянтына жөө басышты.

2100532
Түрк дарыгерлеринен Газага колдоо...

Стамбулдун түрдүү ооруканаларында иштеген дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери Израилдин Газага жасаган кол салууларына жооп берүү үчүн үнсүз жүрүш уюштурушту.

Фатихте чогулган дарыгерлер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана студенттер Султанахмет аянтына жөө басышты.

Үнсүз жүрүштө дарыгерлер Израилге каршы түрк жана англис тилдеринде «Мен дарыгермин, бута эмесмин», «Бир гана Газа эмес, бүткүл дүйнө коркунучта» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.

Басма сөзгө берген маалыматында геноцидди колдогон мамлекеттер жана фирмалар сынга алынып, Израилди булар шыктандырганы белгиленди.

Израилдин адамдардын сууга жана тамак-ашка жетишине тоскоол болгону да билдирилип, ар кимдин бул геноцидге каршы чыгууларын улантуусу керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар