Израилге каршы дүйнө жүзүндө демонстрациялар өтүп жатат

Швейцариянын Женева шаарында миңдеген адамдар чогулуп, Палестина элин колдоо үчүн жөө жүрүшкө чыгышты.

2100634
Израилге каршы дүйнө жүзүндө демонстрациялар өтүп жатат
almanya israil tepki.jpg
paris israil tepki.jpg
almanya israil tepki.jpg
londra israil tepki.JPG

Израилдин палестиналыктарга кыргын салуусуна дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар күч алууда.

Швейцариянын Женева шаарында миңдеген адамдар чогулуп, Палестина элин колдоо үчүн жөө жүрүшкө чыгышты.

Парк Дес Кропетс аянтында чогулган демонстранттар Израилдин катуу кол салууларына кабылган Палестина элине колдоо көрсөтүү үчүн шаардын борборунда сааттар бою жөө басышты.

Палестинанын желектери жана Палестинага колдоо көрсөткөн баннерлерди көтөргөн демонстранттар Израилге каршы ураандарды чакырышты.

Демонстранттар Израилдин Газадагы геноцидинин токтотулушу жана ок атышууну токтоосуз токтотуу талаптарын айтышты.

Швециянын борбору Стокгольмдо да Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү.

Палестинанын желектерин жана баннерлерин көтөргөн жүздөгөн демонстранттар Израилдин Газага кол салууларына каршылык көрсөтүштү.

Суук жана жаанчыл аба ырайына карабастан Франциянын борбор шаары Парижде Палестина эли менен тилектештик үчүн жөө жүрүш өткөрүлдү.

Париж көчөлөрүндө Палестинанын желектерин жана баннерлерин көтөргөн демонстранттар ксенофобия менен расизмди айыптаган ураандарды чакырып жатышты.

Палестинага колдоо көрсөтүү демонстрациясы Германиянын борбор шаары Берлинде да өттү.

Митте районундагы Инвалиден паркында «Дүйнө жүзү боюнча бул согушту токтоткула» деген ураан менен чогулган миңдеген демонстранттар Израилдин Газага кол салууларына каршы чыгышты.

Израилдин Газадагы кол салууларында каза болгондорду эскерүү үчүн Англиянын борбор шаары Лондондо үнсүз жүрүш өткөргөн активисттер Англия өкмөтүнүн Израилге берген колдоосуна реакция көрсөтүштү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбору Вашингтондогу Ак үйдүн маңдайында жайгашкан Лафайет аянтындагы паркта Палестина элине колдоо көрсөтүү демонстрациясы өттү.

Демонстранттар нааразылык акциясынын жүрүшүндө баннерлерди көтөрүп, ураандарды чакырып турушту.

Нью-Йоркто Палестинаны колдогон жүздөгөн активист Израилдин Газага кол салууларын токтотуу үчүн дүйнөгө таанымал Заманбап искусство музейин (MoMA) кыска мөөнөткө ээледи.

Активисттер МоМАнын кире бериш бөлмөсүнө «Эркин Палестина» деген чоң желек илип, «сионисттик баскынчылыкты жана геноцидди колдогон» деген жүйө менен музейдин башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылышты.

Жапониядагы бейөкмөт уюмдар да Газага карай кол салууларга нааразылык билдирип, Израилдин Токиодогу элчилигинин жанында демонстрация өткөрүштү.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларын айыптаган демонстранттар «Дарыядан деңизге чейин Палестинага эркиндик», «Газада геноцид токтосун», «Ок атышууну токтоосуз токтоткула», «Террорист Израиль» сыяктуу ураандарды чакырышты.



Тектеш кабарлар