Ирактагы АКШ чабуулунда Хизбуллахтын командири өлтүрүлдү

АКШ Борбордук командирлигинен (CENTCOM) берилген кабарда АКШ күчтөрүнүн аскерлерине карата кол салууларга жооп катары Иракта бир тараптуу чабуул жасагандыгы белгиленди.

2099226
Ирактагы АКШ чабуулунда  Хизбуллахтын командири өлтүрүлдү

Америка Кошмо Штаттарынын армиясы Жакынкы Чыгыштагы аскерлерине карата кол салууларга жооп катары Иракта (Шиит куралдуу топтору) Кетаиб Хизбуллах тобунан бир командирди өлтүргөндүгүн жарыялады. 

АКШ Борбордук командирлигинен (CENTCOM) берилген кабарда АКШ күчтөрүнүн аскерлерине карата кол салууларга жооп катары Иракта бир тараптуу чабуул жасагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө чабуулда аймактагы АКШ күчтөрүнө карата кол салууларды түздөн түз пландоо жана бул кол салууларга катышуудан жооптуу болгон Кетаиб Хизбуллах командиринин каза болгондугу маалымдалды.

Ирак башкаруусу АКШнын шиит куралдуу күчү Хашди Шабинин командирин бутага алышын "эгемендүүлүккө карата кол салып жана бардык келишимдерди бузду"  деп билдирилди.

Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук медиа тармагынын жетекчиси генерал Тахсин Хафажи берген жазуу түрүндөгү маалыматында АКШнын Багдадда Хашди Шаби командирине жасаган кол салуунун Ирак жана АКШнын ортосундагы бардык келишимдерди бузгандыгын белгилеп : "Ирактын коопсуздугу жана жыргалчылыгын коркунучка салган бул кол салуулардан АКШ жана коалиция күчтөрүү жооптуу",- деди. 

Хафажи кол салуунун Ирактын эгемендигине карата «душмандык катары бузуу» экенин белгилеп, мунун аймакка кооптуу кесепеттеринин болорун баса белгиледи.

Ирактагы шиит куралдуу күчү Хашди Шаби командирлеринен Абу Бакыр ес  -  Саадинин борбор шаар Багдаддагы абадан кол салуусунда өлтүрүлгөндүгүн билдирген. Ичинде болгон унаасы абадан кол салууда бутага алынган Саадинин  каза болгондугу билдирилген. 

Кетаиб Хизбуллах (Хизбуллах бригадалары) деп билинген Иран колдогон топ негизги уюм Хашди Шабинин элеменеттеринин бири.

АКШ 29 -  январда Иордания -  Сирия чек арасындагы базасына жасалган жана  3 аскердин өлүмүнө себеп болгон кол салуулардан Иран колдогон топтордун жооптуу экендигин айткан.

 



Тектеш кабарлар