Украинада президенттик шайлоо кечеңдетилди

2022 -  жылы 24 -  февралда жарыяланган согуштук абалдын мөөнөтүнүн узартылышы үчүн Раданын бардык өкүлдөрү «макул» добушун беришти.  Согуштук абал  жана мобилизациялоо 2024 -  жыл  13 -  майга чейин улантылат.

2099019
Украинада президенттик шайлоо кечеңдетилди

Шейшемби күнү Украина парламенти Жогорку Раданын президент Владимир Зеленскийдин өлкөдө кенен түрдөгү орус баскыны улантылып жаткандыктан согуштук абалдын мөөнөтүн узартуу чечимин бекитти.

2022 -  жылы 24 -  февралда жарыяланган согуштук абалдын мөөнөтүнүн узартылышы үчүн Раданын бардык өкүлдөрү «макул» добушун беришти.  Согуштук абал  жана мобилизациялоо 2024 -  жыл  13 -  майга чейин улантылат.

Негизинен добуш берүү процедура боюнча уюштурулду анткени Украинадагы саясий күчтөрдүн эч бири согуштук шарттарда согуштук абалдын жоюлушун каалабайт.

Согуштук абалдын узартылышы  өлкөдө март айында өткөрүлүшү пландалган шайлоо кечеңдетилди деген мааниге келүүдө.

Беш жылдык мөөнөтү май айында аяктай турган президент Владимир Зеленскийдин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө узартылат. Мыйзамга ылайык, шайлоо согуштук  абал аяктагандан кийин гана өткөрүлөт.

Келерки аптада украин парламентинин коомдо кызуу талкуу жараткан мобилизация боюнча мыйзам долбоорун бир жыйында талкуулай тургандыгы  күтүлүүдө. Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору мобилизацияга чакыруунун критерийлерин жөнгө салат жана аскердик каттоого турбагандарга же аскерге чакырууга көңүл бурбагандарга карата чараларды (анын ичинде айрым укуктарды чектөөнү) күчөтөт.



Тектеш кабарлар