Хонда АКШда 750 миңден ашык унаасын чакыртып алды
АКШнын автомобиль өндүрүүчүсү General Motorsтун (GM) да багаж капкагындагы көйгөйдөн улам 323 миң 232 унаасын чакыртып алганы маалымдалды.
Япониядагы автоунаа өндүрүүчүсү Хонданын АКШда 750 миң 114 унаасын коопсуздук жаздыкчаларындагы көйгөйдөн улам кайра чакыртып алганы кабарланды.
АКШнын Улуттук Жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкармалыгынын (NHTSA) билдирүүсүндө, бул чечимдин 2020-2022-жылдар аралыгында чыгарылган кээ бир Honda Accord, Pilot жана Civic моделдери менен 2020-2021-жылдар аралыгында өндүрүлгөн айрым Honda CR-V жана Passport унааларын камтыганы белгиленди.
Билдирүүдө коопсуздук жаздыкчасындагы көйгөйдөн улам 750 миң 114 унаанын чакыртып алынганы айтылды.
АКШнын автомобиль өндүрүүчүсү General Motorsтун (GM) да багаж капкагындагы көйгөйдөн улам 323 миң 232 унаасын чакыртып алганы маалымдалды.
NHTSAнын билдирүүсүндө, кайра чакыртып алуу чечиминин Chevrolet Silverado 2500, 3500, GMC Sierra 2500 жана 3500 моделдерин камтыганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.