Түштүк Кореяда 450 миң кишиге мунапыс берилет

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл борбор шаар Сеулдагы кабинет жыйынында Ай жаңы жылына карата мунапыс чыгарылганын жарыялады.

2098519
Түштүк Кореяда  450 миң кишиге мунапыс берилет

Түштүк Кореяда Ай жаңы жылына карата чыгарылган «президенттик мунапыс» 450 миңден ашуун кишиге берилет.

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл борбор шаар Сеулдагы кабинет жыйынында Ай жаңы жылына карата мунапыс чыгарылганын жарыялады.

Мунапыстын экономиканы стимулдаштыраарынан үмүт кылганын белгилеген Юн, мурдагы коргоо министри Ким Кван Жин жана мурдагы президент Пак Кын Хенин жеке катчысы Ким Ки Чон да болгон 450 миңден ашуун кишинин мунапыстан пайдалана тургандыгын айтты.

Ммалекет башчысы Юн кызматын баштаган  2022 -  жылдан бери төртүнчүсүн чыгарган мунапыстык эртеңден тарта күчүнө кирет.

Түштүк Кореяда өкмөт жалпысынан жаңы жылда же  15 -  августта ма рамдалган Көз карандысыздык күнүндө, жакшы жүрүм - турумду сыйлоо жана улуттук шайкештикти колдоо максатында соттолгон саясатчыларга, корпоративдик жетекчилерге жана башка кылмышкерлерге атайын мунапыс чыгарууда.

Мурунку президенттерден Пак Кын Хе 2017-жылдын март айында паракорчулук, кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана башка айыптар менен кызматынан бошотулуп, камакка алынган.

Пак коррупция боюнча айыпталып 5 жыл абакта отургандан кийин 2021-жылдын декабрында президент берген мунапс  менен бошотулган.

 



Тектеш кабарлар