Лавров : "АКШ неоколониалисттик ыкмаларды колдонууда"

Лавров борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Россиянын тышкы иштер министрлигинин Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты.

2098552
Лавров : "АКШ неоколониалисттик ыкмаларды колдонууда"

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Америка Кошмо Штаттарынын неоколониалисттик ыкмаларды колдонуп жатканын айтып : "Көптөгөн өлкөлөр Вашингтон көзөмөлдөгөн эл аралык каржы институттарынын жана өз ара аракеттенүү форматтарынын натыйжалуулугуна жана калыстыгына шек туудурууда",- деди.

Лавров борбор шаар Москвада өткөрүлгөн Россиянын тышкы иштер министрлигинин Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты.

Батыштын АКШнын лидерлигинде Россияга каршы «гибриддик» согуш жүргүзүп жатканын жана санкциялар менен Россиянын өнүгүшүнө тоскоол болууга аракет кылып жаткандыгын белгилеген Лавров : «Экономика тармагында согуш уланууда»,- деди.

Лавров : «АКШ жана анын жолунда кетен өлкөлөрдүн неоколониалисттик ыкмаларды колдонуусу Америкалык тибиндеги ааламдашууга болгон ишенимди олуттуу түрдө жокко чыгарды. Көптөгөн өлкө Вашингтон көзөмөлдөгөн эл аралык каржы институттарынын жана өз ара аракеттенүү форматтарынын натыйжалуулугуна жана калыстыгына шек туудурат",- деди.  

Ушул себептен Россия да болгон көптөгөн өлкөнүн тышкы соода  төлөмдөрүндө альтернативдик валюталарды жана төлөм платформаларын колдонгонун белгилеген Лавров жыйында орус фирмаларынын экономика тармагындагы тобокелдиктерин, коркунучтарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай тургандарын билдирди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар