Испаниялык министрден дипломатиялык сапар

Испания өкмөтүнүн билдирүүсүндө, Альбарестин Перс булуңу өлкөлөрүндөгү биринчи аялдамасынын Катар боло турганы маалымдалды.

2097508
Испаниялык министрден дипломатиялык сапар

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу максатында эртең Перс булуңундагы өлкөлөрдү камтыган дипломатиялык сапарга чыгат.

Испания өкмөтүнүн билдирүүсүндө, Альбарестин Перс булуңу өлкөлөрүндөгү биринчи аялдамасынын Катар боло турганы маалымдалды.

Испаниялык министр жуманын ичиндеги билдирүүлөрүндө, Израилдин Газага кол салууларынын аймактагы башка өлкөлөргө жайылышынан, өзгөчө Йемендеги абалдарга абдан тынчсызданганын айткан.

Израиль менен Хамастын ортосунда 7-октябрдан бери уланган кагылышууларды дароо токтотууга жана барымтадагыларды бошотууга чакырган Испания өкмөтү, Палестина мамлекети таанылган эки мамлекеттүү чечимдин негизинде Эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү сунуштоодо.



Тектеш кабарлар