Трюдо мечитке жасалган кол салууну айыптады

Жастин Трюдо жекшемби күнү Миссисогадагы мечитке жасалган кол салууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2096771
Трюдо мечитке жасалган кол салууну айыптады

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Миссиссога шаарындагы бир мечитке жасалган кол салууну айыптап, исламофобиянын коомдо орду жок экенин билдирди.

Жастин Трюдо жекшемби күнү Миссисогадагы мечитке жасалган кол салууга байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүшштү.

Аталган кол салуунун 2017-жылдын 29-январында Квебек шаарындагы Ислам маданият борборунун мечитине жасалган куралдуу кол салуунун бир жылдыгына туура келгенине көңүл бурган Трюдо, бул кыймылды да «коркоктук, тынчсыздандыруучу жана кабыл алынгыс» деп мүнөздөдү.

Трюдо: «Бул кол салууну эң катуу түрдө айыптаймын. Исламофобияга биздин коомдо орун жок»,-деди.

Бир тараптан Миссиссога полициясы окуянын «жек көрүү кылмышы» катары кабыл алынганын жана тергөөнүн уланып жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар