Индия полициясы тыңчылыкка шектелген көгүчкөндү коё берди
Индия полициясы Кытай тыңчы катары колдонууда деген шектенүү менен кармаган көгүчкөндү 8 айдан кийин жапайы жаратылышка коё берди.
Индия полициясы Кытай тыңчы катары колдонууда деген шектенүү менен кармаган көгүчкөндү 8 айдан кийин жапайы жаратылышка коё берди.
Press Trust of India агенттигинин кабарына караганда, май айында табылган жана Кытай тарабынан тыңчы катары колдонулгандыгынан шектелген көгүчкөн Тайвандан Индияга барган жарыш кушу экени аныкталган.
Буттарында "Кытайчага окшош жазуулардын" болгондуктан полициянын көңүлүн бурган көгүчкөн Мумбайдагы Bai Sakarbai Dinshaw Petit жаныбарлар ооруканасына жиберилди.
8 айдан бери көзөмөлгө алынган көгүчкөн Мумбайдагы жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоонун алдын алуу коомуна жөнөтүлүп, ал жердеги ветеринарлар тарабынан жаратылышка коё берилген.
Тектеш кабарлар
Израиль палестиналыктардын сөөгүн күттүрүүнү улантууда
Шейиттредин сөөгүнө байланыштуу Кайра алуу демилгеси тарабынан маалымат берилди.