Газадагы балдар

БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынында Жонатан Криккс билдирүү жасады.

2096786
Газадагы балдар

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Палестинадагы байланыш директору Жонатан Криккс, Газада 17 миң баланын коштоосуз же үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калганынын болжолдонуп жатканын билдирди.

БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынында Жонатан Криккс, Израилдин катуу кол салуусу жана блокадасына кабылган Газада балдардын башынан өткөргөн кыйынчылыктарына сереп салды.

«Газада 17 миң баланын коштоосуз же үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калганы болжолдонууда»,-деген Крикс, бул балдардын ар биринин жүрөктү ооруткан окуясы бар экенин айтты.

Өткөн жумада Газага барганын эске салган Криккс, тамак-аш, суу же баш калкалоочу жайдын жетишсиздигинен улам үй-бүлөлөрдүн кыйынчылык тартып жаткандарын, үй-бүлө мүчөлөрү менен балдарынын муктаждыктарын канааттандырууда кыйынчылыкка дуушар болгонун белгиледи.

Газадагы согуштун балдардын психикалык саламаттыгына олуттуу таасир тийгизгенин билдирген Криккс, бул абалдын балдарда катуу тынчсыздануу, табиттин жоголушу, уктай албоо, бушаймандык же бомбалоонун үнүн уккан сайын паникага алып келерине басым жасады.  

БУУнун расмий өкүлү: «Бүгүнкү күндө Газадагы дээрлик бардык балдар психикалык ден соолук колдоосуна муктаж деп эсептейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар