Түндүк Корея дагы эки элчилигин жапты

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери, Түндүк Кореянын акыркы айларда кээ бир өлкөлөрдөгү элчиликтерин жапканына байланыштуу билдирүү жасады.

2095546
Түндүк Корея дагы эки элчилигин жапты

Түндүк Корея дагы эки элчилигин жапты.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери, Түндүк Кореянын акыркы айларда кээ бир өлкөлөрдөгү элчиликтерин жапканына байланыштуу билдирүү жасады.

Кызматкер Түндүк Кореянын Гонконг жана Ливиядагы элчиликтерин жапканын кабарлады.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн саны 53төн 44кө кыскарды.

Түндүк Корея акыркы айларда Ангола, Уганда, Бангладеш, Непал, Испания, Сенегал жана Гвинеядагы элчиликтерин жапкан.

Түштүк Корея Түндүктүн чечимдерин "өлкөгө каршы глобалдык санкциялардан келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар" деп бааласа, Пхеньян башкаруучулугу ноябрда "өзгөргөн глобалдык чөйрөгө жана улуттук тышкы саясатка ылайык жаңы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачып жапканын" жарыялаган.



Тектеш кабарлар