Пакистанда бомбалуу кол салуу болду

Белужистан провинциясынын Сиби районунда мурдагы премьер-министр Имран Хан мүчө болгон Пакистан Адилеттик Кыймылы партиясынын (PTI) саясий митингине каршы бомбалуу кол салуу жасалды.

2095373
Пакистанда бомбалуу кол салуу болду

Пакистандын Белужистан провинциясында саясий партиянын митингин бутага алган жардыруудан 4 киши каза болуп, 5 киши жараланды.

Белужистан провинциясынын Сиби районунда мурдагы премьер-министр Имран Хан мүчө болгон Пакистан Адилеттик Кыймылы партиясынын (PTI) саясий митингине каршы бомбалуу кол салуу жасалды.

4 киши каза болуп, 5 киши жараланган бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

8-февралда боло турган жалпы шайлоо алдында Пакистандын ар кайсы шаарларында террордук кол салуулар көбөйүүдө.

Белужистан провинциясынын Мах шаарына кечээ ракета жана автоматтык курал менен кол салган жикчил Белужистан боштондук армиясына (BLA) караштуу көп сандаган согушкерден 5и таасирсиз кылынды.



Тектеш кабарлар